Лейлек районунунда алма салынган кутуга баңгизат алып келе жаткан жаран кармалды

Лейлек РИИБнүн баңги затка мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, ыкчам кызматкерлер менен биргеликте тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-берене (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон жазык иши боюнча жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен 2021-жылдын 12-январында Исфана шаары аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автоунаа жолунда Бишкек шаарына каттаган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаада жүргүнчү катары жөнөгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Н.Анын жанынан өзгөчө жыты бар, целлофан пакетке оролгон 1 даана, болжол менен салмагы 1кг 600граммдан ашуун күрөң түстөгү зат табылып алынган.

Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда баңги затынын гашиш түрү экендиги аныкталган.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган 32жаштагы Н.А. өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыштуу шериги Бишкек шаарында экендигин билдирген.
Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин жана Бишкек шаарындагы Ленин РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынан Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы И.Ш. аттуу тургуну аныкталып кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар мурда оор берене менен соттолгондугу аныкталды.

Азыркы күндө кылмышка шектүү кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы