Коом

Россияда иштегиси келгендер үчүн негизги талаптар кайсылар? Министрликтин жообу

Россияга иштөөнү пландаштырган жаран ал өлкөгө компаниянын атайын чакыруусу менен гана учса болот. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Кабыл алуучу компания өзүнө керектүү жогорку квалификациялуу жумушчулардын тизмесин түзөт. Бул негиздүү болушу керек. Адам учактын бортуна ушул учурда гана түшөт», — деди ал.

Сталбек Шаршеев белгилегендей, айрым жеке авиакассалар жумуш орундарынан жасалма күбөлүктөрдү сатышат, бирок адистер үчүн жасалманы таануу кыйын эмес.

Ал билдиргендей, азыркы тапта бул боюнча укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, ал Кыргыз жарандары билеттерди сатып алуудан мурун, пандемияга байланыштуу бардык документтерди жана талаптарды кылдаттык менен аткарууга үндөдү.

Азыркы учурда, Бишкек-Москва багытында Россияга аптасына эки туруктуу рейс каттап жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button