Коом
Коронавирус. Акыркы суткада 90 кишиден аныкталып, 3 бейтап каза тапты
Өткөн суткада өлкөдө 90 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле маалда 145 бейтап ооруну жеңген. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 21;
Чүй облусу – 37;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 23;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 3.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 83 268ке жетти.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкектен, бири Ошто болчу.