Окуялар

ИИМ: 2020-жылы милицияга 200 миңден ашык билдирүүлөр келип түшкөн

Республиканын ички иштер органдарынын нөмөт бөлүктөрүнүн кызматкерлери милицияга түшкөн билдирүүлөрдү каттоо, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топторун жөнөтүү боюнча чоң иштерди жасашат. 2020-жылдын ичинде Кыргызстандын ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүнүн милиционерлери маалыматтарды каттоонун электрондук журналына 222 миң 206 кылмыштар, жоруктар жана башка бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү каттап, анын ичинен 123 миң 265 билдирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизишкен.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - Скриншот-22-01-2021-102506.jpg

2020-жылдын 12 ай ичинде окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топтору 150 миң 566 жолу жөнөтүлгөн. Алардын ичинен, кылмыштар жана жоруктар фактылары боюнча-123 миң 792, криминалдык мүнөздөгү жараттар жөнүндө чакырууларды алганда медициналык мекемелерге-23 миң 590 жолу чыгышып, 3184 жалган маалымат болуп чыккан. Кылмыштын изин сутпай ыкчам-тергөө топтору 1992 шектүүнү кармашкан. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам нөөмөткерлери 12426 чалууларды иштеп чыккан. Алардын ичинен криминалдык мүнөздөгү -4986, коомдук-саясий мүнөздөгү-3148, маалыматтык-тактоо иретиндеги мүнөздөгү 4292 болот.
Күн сайын жетектөөчүлүк курам Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт кезметтерине жана ыкчам-тергөө топторуна тескемелерди өткөрүп, анда милиционерлер республикадагы коомдук-саясий абал жана криминогендик кырдаал тууралуу маалымдалып, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткаруу, нөөмөт учурунда кызматкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө тапшырмалар коюлат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button