Сыймык Жапыкеев: Финполду жойгону жатышат

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Финполду өкмөттүн курамынан алып салуу пландалып жатканын өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал кырдаал башкача нукка өзгөрүп бара жатканын айткан.

“Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгону жатышат, силер кандай ойдосуңар? Депутат Жумалиев “100 миллион сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө өкмөткө төлөп берем. Балдарымды чыгар” деп суранган. Биз андан көбүрөөк сумма өндүрүү үчүн болбой койгонбуз. Бирок Биринчи май райондук соту аларды чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти”, — деди Жапыкеев.
Ал ошондой эле Финпол элге иштей турганын, ал эми эл колдоп берерин белгилеген.

Бүгүн, 2-февралда, өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, такталган тизме белгилүү болду. Анда чындап эле Финполиция жок экенин көрүүгө болот.