Коом

Жети-Өгүз районунда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча эл менен жолугушу өттү

2021-жылдын 31-январь күнү Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун, Жети-Өгүз айылында, айылдын эки жүздөн ашык жашоочусу менен айыл башчылары, облустук ыргарым укутуу өкүлүнүн орун басары Дамиев У. Райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн курамыны катышкан жолугушу болуп өтүү.

Жоолугушууда жол көзөмөлдөөчүлөр район аймагындагы жол кырсыктарынын абалы, жол кырсыктарына карата жазалып жаткан талдоонун жыйынтыгы менен айыл жашоочуларына жеткирди.

Ошону менен эле бирге жол кырсыктарынын себептерин, ага карата кырсыкты алдын алуу жолдору кызуу талкууга алынды. Бул жерде айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандык, райондогу жолдордун абалы, унаа каражаттардын техникалык абалы, айылдардагы жол коопсуздук абалы, жаш өспүрүмдөрдү жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча ата-энелердин жоопкерчилиги ж.б.у.с. көп нерселер ортого салынды.
Жыйындын аягында, айыл тургундары тарабынан 2021-жылдын 26-январь күнү район аймагынын Балтабай менен Конкино а. ортосунан, «БМВ» үлгүсүндөгү жана «Субару-Легаси» үлгүсүндөгү унаалардын кагылышуусунун кесепетинен эки адам көз жумган бир нече адам оор жаракаттарды алган жол кырсыгында жана жол кырсыктарынан каза болгон жалпы жараандарга куран окулду.
Мындай иш чаралар район аймагынын башка айылдырында дагы улантылат.

Ысык-Көл ОИИБы боючна ЖКККБ

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button