Коом
Коронавирус. Жуктургандар көбөйө баштады, дагы 3 бейтап каза тапты
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 83 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 22, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 кишиден табылган.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 3 адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 411 бейтап, амбулатордук түрдө 386 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 772 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 583 киши айыгып чыкса, 1 миң 450 адам каза болду.