Саясат

Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашты.

Казакстан премьер-министри Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, өлкөлөрдүн өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылда коронавирус пандемиясы маалында Казакстан мамлекети бизге биринчилерден болуп кол сунуп, чоң колдоо көрсөтүп, эмгек мигранттарынын Мекенине кайтып келүүсүнө «жашыл коридорлорду» түзүп бергендиги үчүн Казакстандын Өкмөтүнө кыргыз элинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button