Коронавирус. 48 адам жуктуруп, бир бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 48 адамдан табылып,бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык аймактар боюнча:

Бишкекте – 17,
Чүй облусунда – 13,
Ош шаарында – 3,
Ош облусунда – 6,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 6,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Баткен облусунда – 1 кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 355 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 359 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 318 киши айыгып чыкса, 1 миң 468 адам каза болду.