Коронавирус. Акыркы суткада 63 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 63 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык аймактар боюнча:

Бишкекте – 31,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 18,
Нарын облусунда – 3,
Ысык-Көл облусунда – 6,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Баткен облусунда – 2

Ал эми бир сутка ичинде 48 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 1, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 312 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 755 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 766 киши айыгып чыкса, 1 миң 480 адам каза болду.