Саясат

Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр

Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышкысы келет. Бул тууралуу эки өлкөнүн президенттеринин Ташкент шаарындагы жолугушуусунан кийин өзбек лидеринин маалымат катчысы кабарлады.

«Тараптар Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстардын рационалдуу колдонулушуна кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилешти. Бул тармакта узак убакытка жана туруктуу кызматташуу боюнча макулдашуулар болду. Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушу тапта Өзбекстанда  мамлпекеттик сапар менен жүрөт. Анын алкагында соода жүгүртүү көлөмүн, биргелешкен ишканалардын санын көбөйтүү, Кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу сыяктуу маселелер  талкууланы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button