Коронавирус. Жуктургандар Бишкекте көп катталды

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 88 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 55,
Чүй облусунда – 24,
Нарын облусу – 3,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Жалал-Абад облусунда –1.

Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон жарандар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 528 бейтап, амбулатордук түрдө 437 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 537 киши айыгып чыкса, 1 миң 494 адам каза болду.