Коом
Бишкекте кичинекей кызды уурдоого шектүү кармалды (сүрөт)
Бүгүн саат 13:36 чамасында «102» линиясына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кызды уурдап кетишти деген чакыруу түшкөн.
Патрулдук милициянын инспекторлору окуя болгон жерге келгенден кийин, 2018-жылы туулган кызын уурдап, BMW X5 унаасы менен белгисиз тарапка качып кеткен жарандык күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен 1988-жылы туулган В.И. аттуу аял кайрылган.
ПМК кызматкерлери издөөдөн кийин 1982-жылы туулган Ш.Ф аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен.