ИИМ: Бишкек ШИИББнын жана Биринчи Май РИИБнын жетекчилик курамы дайындалды

Милициянын полковниги Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИББнын начальнигинин кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды.  Ал  буга  чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы)  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.

Милициянын полковниги Т. Тюкебаев Бишкек ШИИББдин начальнигинин орун басарынын кызматтык милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБдин начальниги болуп иштеп келген.

Милициянын полковниги К. Курманалиева, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Милициянын полковниги  М.Ниязалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  начальнигинин орун басары кызматында иштеп келген.

Милициянын подполковниги У.Орозалиев Бишкек ШИИББнын Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБнын начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын подполковниги Р. Бердибаев, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш  боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Милициянын полковниги Ж.Шералиев, Бишкек ШИИББнын коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле шаардын Биринчи Май РИИБнын начальнигинин орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын начальниги кызматына дайындалды.

Милициянын майору Б. Турапова Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш  боюнча орун басары кызматына дайындалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы