Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 331 адамдан аныкталып, дагы алты бейтап каза тапты

Кыргызстанда 30-апрелге карата коронавирус дагы 331 адамдан аныкталып 6 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 211,
Ош шаарында – 5,
Чүй облусунда – 83,
Ош облусунда – 3,
Ысык-Көл облусунда – 25,
Нарын облусунда – 2,
Баткен облусунда – 2.

Ал эми бир сутка ичинде 268 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 477 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 12 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1040 бейтаптын абалы орто оордукта, 354 адамдын абалы оор жана 76 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 428 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 352 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 95 миң 275 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 191 киши айыгып чыкса, 1 миң 604 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button