Коом

УКМК активист Мелис Аспековдун ур-токмокко алынгандыгы жөнүндө маалыматты төгүндөйт

Активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө камак жайында ур-токмокко алынгандыгы жана тергөө абагынын кызматкерлери кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу ЖМКларда жана социалдык тармактарда жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт, — деп билдирет КР УКМКнын маалымат кызматы.

Аталган бул маалыматка текшерүү жүргүзүлүп, М. Аспеков жаракат алгандыгы боюнча көрсөтүлгөн сүрөттөр 2021-жылдын март айынын башында тартылгандыгы аныкталды.

М. Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алгандыгын айткан. Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан, буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ күбө болуп турат.

Кыргыз Республикасынын УКМК Мелис Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары экендигин баалайт.

КР УКМК атайылап жалган маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертип кетет.

Эске сала кетсек, активисттер Мелис Аспеков жана Улан Джураев январь айынын башында «Кыргыз Темир Жолу» УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу КР жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button