ИИМ: Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

Кыргызстанда жыл сайын 15-май күнү кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана ички аскерлердин  аскер кызматчыларынын жаркын эслестери эскерилип келет.  Бүгүн, 15-май күнү ИИМдин имаратында өткөн эскерүү иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын начальниктери жана өздүк курамы, курман болгон кызматкерлердин туугандары жана жакындары катышты.

“Бүгүн кызмат учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары даңазалуу күжүрмөн каада-салтты бекем кармап, муундан-муунга калтырып, ар-намыс жана кадыр-барк менен республикабыздын кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарып келишет”,-деди Нурбек Абдиев.

Министрдин орун басары эскерүү учурунда жүздөгөн милиция кызматкерлери кылмыштуулукка жана кылмышкерлерге каршы аёосуз күрөштө бычактын мизи менен басышып, атылган окко тике карап, жарандарыбыздын өмүрүн жана коопсуздугун сактап калууда эрдик көрсөтүшүп, жаркын келечек үчүн, бейпил жашоо үчүн өз өмүрлөрүн аябай курман болушканын айтты.

 “Биздин аталарыбыздын, агаларыбыздын тайманбас  эрдиги тарых болду, келечек муундар үчүн үлгү болду жана алардын эр жүрөк тайманбастыгы кыргыз милициясынын тарыхында түбөлүк орун алды. Элим деп, жерим деп жанын берген кесиптештерим тууралуу ондогон адабий-документалдуу китептер, фильмдер, эрдикти даназалаган чыгармалар жазылды.   Албетте, бул да аздык кылат.  Эр жүрөк аталарыбызга жана агаларыбызга, кесиптештерибизге алардын эрдиктери үчүн баш ийип таазим кылабыз!”,-деп билдирди Нурбек Абдиев.

1918-жылдан 1991-жылга чейин республиканын аймагында ички иштер органдарынын 87 кызматкери, ал эми 1991-жылдан ушул күнгө чейин 57 кызматкер, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жалпы 144 кызматкери кызмат учурунда курман болгонун айтып өттү. “Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү, анын коомдук тартипти сактоодогу кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү  мамлекеттик программаларынын ишке ашышында милиция кызматы эн орчундуу ролду ойноду. Мамлекеттин   тынчтыкты сактоодогу тиреги болду. Милиция кызматкерлери оор мезгилде артка чегинбей, акырына чейин милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарып, жарандарды, мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана бейпилдикти сактап калуу үчүн курман болушту. Кыргыз милициясынын ар бир муунунун өз милдеттери болгон, көптөгөн өзгөрүүлөр болгон, бирок негизги максаты өзгөрүүсүз калган, ал – коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөштүн башатында туруу парзы жана милдети эле. Өз өмүрүн аябастан, Мекен алдындагы милдетине берилген бойдон калган милиция кызматкерлеринин эрдиги биздин эсибизде ар дайым сакталып калат. Алардын ысымдары биздин өлкөнүн тарыхында түбөлүккө жазылып кала берет. Баатырлар Сиздерге таазим кылабыз жана Сиздер жараткан эрдиктерди эч качан унутпай келечек муундарга айта жүрүү биздин милдет”,-деп өз сөзүн жыйынтыктады министрдин орун басары.

 ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Ардагерлер кеңешинин атынан сөз сүйлөп, “Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматы ар дайым тобокелчилик менен коштолгон. Көп учурда  милиция коркунучка, өзгөчө кырдаалдарда тайманбастан бетме-бет кездешип, өздөрүнүн эрдигин жана кайраттуулугун көрсөтүшүүдө.  Милиция кызматкерлери баатырдыктын үлгүсүн көрсөтүп,  кызматтык милдеттерин аткаруу менен өз өмүрлөрү менен кош айтышууда. Биздин арабызда жок кызматкерлер биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталуу бойдон калат”,-деп баса белгиледи.

Иш-чаранын аягында кызмат учурунда курман болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаркын элестери үчүн арналган мемориалга гүлдөр коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болду. Бүгүн республика боюнча ИИМдин аймактык бөлүктөрүндө дагы кызматтык учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар туугандарынын катышуусунда  өтүп, алардын мемориалдарына гүл чамбарлар коюлууда.  Милиция кызматкерлери эрдиктин жана кайраттуулуктун  үлгүсү болгон жолдошторунун жаркын элестерин ар дайым эскеришип, алардын алдында таазим этишет.

ИИМдин Басма сөз кызматы