Коом

Centerra кыргыз өкмөтүн арбитраж сотуна берерин жана шарттарын айтты


Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн укуктарын коргош үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитраждык сотко доо менен кайрыларын айтты. Бул маалымат аталган компаниянын сайтына чыкты.

Анда Centerra Gold сот аркылуу кыргыз өкмөтүнө жакында кабыл алынган мыйзамдын алкагында кандайдыр бир чечимдери кабыл алууну улантууга тыюу салууну же анын туунду компаниясы болгон «Кумтор голд компаниге» жакында салынган айып пул жана салык боюнча доо коюп, артынан түшүүнү токтотууну талап кылары айтылган. Бул өкмөт тарабынан Кумтөр кенине салынган инвестициялык макулдашууларды бузгандык болуп саналат деп белгилешкен.

Centerra Gold кыргыз өкмөтүн «Кумтөр голд компани» жана Кумтөр кенине карата жасаган «каршы кадамынан» улам келтирилген чыгым жана зыян үчүн арбитраждык сотто жоопкерчиликке тартууга ниеттенип жатканын билдирген. Алар мындай жолго эки тарап бир макулдашууга келбесе бара тургандыгын айтышкан.

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Скотт Перри төмөнкүлөрдү билдирген.

«Быйылкы жылдан тарта Кыргыз Республикасынын жетекчилиги иштетилип жаткан Кумтөр кенинин негиздерин бузуу үчүн болуп көрбөгөндөй тездик менен иш жүргүздү. Талаштын предмети деп эсептеген маселелердин бардыгы боюнча кызматташуудан баш тартышты. Өкмөттүн бул кылгандарынан улам Centerra Gold Inc. компаниясында өзү (Centerra Gold Inc. – ред.) менен «Кумтөр голд компани» ишканасынын, акционерлерибиздин кызыкчылыгын жана өзүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн арбитраж сотуна кайрылуудан башка жолу калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барам десе, биз мурдагыдай эле ага даярбыз», — деген Скотт Перри.

Иш Стокгольмдо (Швеция) каралып, БУУнун Эл аралык соода («ЮНСИТРАЛ») боюнча комиссиясынын эрежелери менен жүргүзүлөрү айтылган.

«Тараптарда арбитр боюнча макулдашуу келүүгө 28 күн бар, болбосо Centerra Gold Inc. арбитрди белгилөө үчүн Гаагадагы Туруктуу Арбитраждык сотко кайрылат. Макулдашуунун негизинде бул Нью-Йорк штатынын мыйзамдары боюнча жөнгө салынмакчы», — деп билдиришти алар.

Компания «Кумтөр голд компанинин» ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик компания жана башка мамлекеттик органдар «Кумтөрдүн» кызматкерлерин коркутуп, милиция компаниянын жогорку жетекчилеринин үйүнө барып, мекемени 15-майда тинтүүгө алгандыгын айтышты.

«Кумтөр Голд Компани» боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button