Коом

УКМК кызмакерлеринин кесиптик майрамына карата кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2024-жылдын 1-декабрында Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган кичи-футбол боюнча мелдеш аяктады.

Аталган турнирге УКМКнын Борбордук аппаратынын, аймактык башкармалыктардын, ошондой эле КР УКМК Чек ара кызматынын жана  УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери жана  УКМКнын ардагерлери катышты.

Кичи-футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй:

1 – орунду КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгы;

2 – орунду КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы;

3 – орунду УКМКнын “Маалымат коопсуздук борбору” мамлекеттик мекемеси;

4 – орунду КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы;

5 – орунду КР УКМКнын «АЛЬФА» атайын багыттагы кызматы ээледи.

Турнирдин жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө кубоктор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 Мелдештин салтанаттуу жабылуу аземинде КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК  төрагасы генерал-полковник К.Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, турнирге катышкан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Төрага спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун өбөлгөсү катары аскер кызматчыларынын дене-тарбия даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өздүк курамга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button