Коом

Токтогул ГЭСинде иштеген 58 жаштагы чет өлкөлүк жаран каза болду

Токтогул ГЭСинде иштеген Кореянын жаран каза болду. Бул тууралуу  Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда саат 9:45 чамасында Токтогул ГЭСинде суучул (водолаз) болуп иштеп жаткан Корея Республикасынын жараны каза болгондугу жөнүндө милицияга маалымат келип түшкөн. 

Аталган факты Кара-Көл ШИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.

Тергөө-ыкчам тобунун текшерүүсү учурунда, Корея Республикасынын 58 жаштагы жараны 24-сентябрда суу астында тазалоо иштерин жүргүзүп жатып белгисиз себептер менен суудан чыга албай каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси ошол эле күнү табылып саат 13:50 чамасында суудан  чыгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button