Манас шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга 220 миң сом айып пул салынды

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Манас шаарынын №35 кондоминимунун жашоочуларынын кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Инспекциянын жүрүшүндө Пушкин көчөсү 136 жана Жамбыл көчөсү 83 дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы коммерциялык максатта колдонулган курулуштар каралды.
«Текшерүүдө мыйзамсыз курулуштар аныкталды. Анын ичинен үч курулуш ээлеринин демилгеси менен бузулду. Мындан тышкары, үч жаран жоопкерчиликке тартылып, жалпы суммасы 220 миң сом айып салынды. Ошондой эле тиешелүү актылар жана протоколдор түзүлдү», — деп жазылган маалыматта.



