Кыргызстанда вакцина алгандардын саны 14,8 миңден ашты. Тизме

Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 407 адам вакцина алса, алардын ичинен 98ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жалпы 14 миң 861 адам эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 276 адам 2-дозаны алган.
Аймактар боюнча алганда:
— Бишкекте – 1 567 адам вакцина алды;
— Ош шаарында – 1 385;
— Чүй облусунда – 1 627;
— Ош облусунда – 4 463;
— Ысык-Көл облусунда – 1 201;
— Талас облусунда – 533;
— Нарын облусунда 638;
— Жалал-Абад облусунда – 2 665;
— Баткен облусунда – 781.
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.
Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.
Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.



