Коом
Милиция кызматкерлери сел жүргөн аймактарда жергиликтүү тургундарга жардам беришүүдө

2024-жылдын 12-август күнү саат 23:00 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылы менен Булан-Сөгөтү айылынын ортосунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйдүн короо-жайын каптаган.
Анын натыйжасында жергиликтүү тургундар өз алдынча коопсуз жайга чыгууга мүмкүн болгон эмес. Ысык-Көл РИИБдин милиция кызматкерлери ошол маалда сел жүргөн аймакта кызматын өтөп жатышкандыктан, дароо жогорудагы үйгө жардамга келишкен. Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардын үйүнө кирип, аларды коопсуз жайга чыгууга жардам беришкен.



