Коом
Кыргызстанда дагы бир жаңы банк ачылат

Бул акыркы айларда Улуттук банк тарабынан жаңы банк ачууга берилген бешинчи уруксат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Берекет банк” жабык акционердик коомун түзүүгө уруксат берди. Мындай чечимди Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алганын Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Бул акыркы айларда регулятор тарабынан жаңы банк ачууга берилген бешинчи уруксат. 2025-жылдын августунда «Алма Финанс Банк» ЖАК, «Мурас Банк» ЖАК жана «Асман Банк» ЖАКка уруксат берген. Ал эми сентябрда Улуттук банк «Кылым Банк» ААК түзүүгө уруксат берген.



