Апрель айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө — министрлик

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, акыркы 7 күн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,3 түздү.
“2020-жылы сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустук инфекциянын мутацияланган жаңы штаммы (британ штаммы) катталганын билдирген. Ошол учурдан тартып дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө COVID-19 вирусунун аталган штаммы каттала баштаганы байкалган. 2021-жылы март-апрель айларында ДССУнун Новосибирск шаарындагы референс лабораториясына изилдөөгө жөнөтүлгөн биоматериалдардын 44%да “Британ”, бирден учур Түштүк Африка жана Индия, 39%да Россия штаммдары аныкталган”, — дейт ал.
Рахматуллаев катталган британ, түштүк-африка, индия штаммдары төмөнкү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган шартта калк арасында оорунун көбөйүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтат:
— коомдук жайларда беткап режимин, колдун гигиенасын сактабоо;
— чектөөлөргө карабастан маданий массалык жана салтанаттуу иш-чаралардын өткөрүлүшү;
— коомдук жайларда (коомдук тамактануу жайларында, транспортто, соода борборлорунда, базарларда жана башка жайларда аралыкты сактабоо;
— өзүнүн абалын туура эмес баалоо, сактыктын жоктугу, вирустук инфекциянын белгилери бар адамдар мектепке, жумушка жана коомдук жайларган барууну улантууда.



