Коом

Жалал-Абадда дин кызматкерлерине жана окуу жайларга профилактикалык иштер жүрүүдө

Март-апрель айларында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында, укук коргоо органдарында, ЖОЖдордун факультеттеринде, колледждерде, диний окуу жайларда жана муниципалдык кызматкерлерге карата лекция, семинарлар уюштурулууда.

Иш-чарада Дин комиссиясынын жана КР ИИМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын багыттары туурасында баяндамалар жасалып, дин тутуу эркиндиги, диний негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери боюнча маалыматтар берилүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button