Жогорку сот мурдагы депутат Өмүрбек Бакировду актоо чечимин чыгарды

Жогорку сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду актоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.
Буга чейин 2024-жылы Ноокат райондук соту ага 200 миң сом айып салып, кийин аны Ош облустук соту күчүндө калтырган.
Эске салсак, 2023-жылы 26-августта БШК Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округунан шайланып келген Бакировду мандатынан ажыраткан. Буга 18-августта Жогорку сот ал шайланган Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырганы себеп болгон.
2022-жылдын 17-ноябрында парламент жыйынында Бакиров ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен. Атайын кызматтын башчысы Бакировдун «кандай депутат экенин жана кандайча шайланып келгенин» билерин айткан. Эртеси кабинетинен чыгарылган. Андан соң добуш сатып алуу маселеси козголуп, соттук иштер башталып, эл өкүлү добуш сатып алууга күнөөлүү деп табылган.



