Саламаттык сактоо министрлигинде жана ведомстволук мекемелеринде 105 млн сом каржы бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасы

2024-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жыл аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында, төмөндөгү каржылык тартип бузуулар аныкталды. Атап айтканда:
Аудиттин жүрүшүндө, жалпы 105 млн 999,8 миң сомго каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жасалган бузуулар – 3112,6 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 55378,4 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9819,4 миң сом;
- эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу – 26 939,8 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды бузуулар — 10749,6 миң сом.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары менен Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун материалдары укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине – отчет, жазма буйрук, сунуш жана сунуштама жөнөтүлөт.



