Коом
Кыргызстанда бир суткада 100 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 7-сентябрга карата коронавирус дагы 100 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 40,
Чүй облусунда – 26,
Ош облусунда – 3,
Талас облусунда – 3,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 19,
Жалал-Абад облусунда – 3,
Баткен облусу – 4 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 121 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 788 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 139 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 682 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 745 киши айыгып чыкса, 2 миң 557 адам каза болду.



