Коом

Бишкек шаарынын прокуратурасы кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүнү улантууда

Кыргыз Республикасында кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында   жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Бишкек шаары боюнча бир катар соттук иштер каралды.

Анын ичинен 27 кылмыш иштери боюнча 40 адамга карата айыптоо өкүмдөрү чыккан. Бул көрсөткүчтөр кызматтык кылмыштар,  атап айтканда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, расмий документтерди бурмалоо сыяктуу учурлар дагы деле өлкөнүн укук тутумунда актуалдуу экенин көрсөтүп турат.

Белгилүү болгондой, 2025-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине кызматтык кылмыштарга байланыштуу бир нече маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген. Аталган өзгөртүүлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга жана укук бузууларды алдын алууга багытталган.

Жаңы ченемдерге ылайык, кызматтык кылмыштар үчүн катуу жаза чаралары каралган, айрым учурларда мамлекеттик кызматтан өмүр бою четтетүү да каралган.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана сот органдарынын маалыматы көрсөткөндөй, 2025-жылы кызматтык кылмыштар боюнча иштерди кароо жана аларга жаза колдонуу иштери активдешип, мыйзамдык негиздер бекемделди. Ошентсе да, бул жаатта иштерди дагы тереңдетүү, алдын алуу жана коомчулуктун ишенимин арттыруу аракеттери уланып келүүдө. Ошондой эле, Бишкек шаарынын прокуратурасы мамлекеттик жана муниципалдык органдарга эскертүү берет: эгерде коррупцияга каршы күрөш үзгүлтүксүз жүргүзүлбөсө жана кызматкерлер өз милдеттерин адилеттүү аткарбаса, анда алар да мыйзам алдында жооп берет. Коррупциялык көрүнүштөр жоюлбаса, мамлекеттик кызматкерлер укук бузуулар үчүн айыпталат жана мыйзам тарабынан жазаланат, — деп билдирди Бишкек шаарынын прокуратурасынан

Тектеш кабарлар

Back to top button