УКМК: Баткендеги мурдагы кирпич заводунун жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер мамлекетке өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында Баткен шаарынын Чет-Булак конушунда жайгашкан мурдагы кирпич заводунун, аянты 8,63 га болгон жер тилкесин Т.М. аттуу жаранга жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.


Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Маалыматтык каттоо журналынын «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган материалдардын алкагында Т.М. аттуу жаран өзүнүн аракетинин мыйзамсыздыгын мойнуна алып, аталган 8,63 га жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекеттик баланска өткөрүп берди.


УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо боюнча иштерди улантууда.



