Коом
Жогорку Кеңеш пенсиялык куракты жогорулатуу мыйзам долбоорун четке какты
Буга чейин министрлер кабинети бийик тоолуу райондордун тургундарынын, мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын (58 жаштан 60 жашка чейин), ошондой эле иштеген пенсионерлердин пенсияга чыгуу курагын акырындык менен жогорулатууну сунуштаган.
Депутаттар Социалдык фондго биринчи окууда бир канча нормаларды өзгөртүү шарты менен колдоп беришкенин эске салып, бирок бүгүн эч нерсени өзгөртпөй ошол эле документти алып келишкенине наарызы болушту. Мындан улам мыйзам долбоорун четке кагышты.



