Мэр: Самокат маселеси жөнгө салынбаса, аларга тыюу салабыз

Эгер самокат маселеси жөнгө салынбаса, жалпы тартип жана элдин коопсуздугу үчүн мэрия аларга тыюу салууга мажбур болот. Бул туурасында Бишкектин башчысы Айбек Жунушалиев журналисттер менен жолукканда айтты.
Мэр электр чыгырык менен велосипед тепкендерга түшүндүрүү иштери начар жүрүп жатканын белгиледи. Кээде самокатка экиден туруп алгандар бар экенин, ал эми велосипедчендер жолду кесип өтүп баратканда жетелебестен, минген боюнча жүрүп кеткен учурлар кездешерин кошумчалады.
«Маселе самокатта эмес, кеп аны кантип колдонуп жатканыбызда. Бул боюнча эрежени сактап, ага көнүшүбүз керек», — деди шаар башчысы.
Ал арада биздин окурман Бишкекте бүгүн эртең менен электр чыгырыктар мурдагыдай болуп саатына 25 чакырым эмес, 15 чакырым менен гана жүрө ала тургандай болуп калганын билдирди.



