Саясат

Ташиев Казакстанга канча аскер, техника жөнөтүлө турганын айтты

ЖККУнун алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын күч түзүмдөрү боюнча орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал бүгүн Жогорку Кеңеште баяндама жасап, депутаттардан аскерлерди жөнөтүүгө макулдук берүүнү сурады.

Депутат Исхак Масалиев Казакстанда агрессия жана куралдуу кол салуу болуп жатканы кантип аныкталганын билүүгө кызыкты.

Буга жооп берген Ташиев коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев шаарды террористтер каптаганын айтып, жардам сурап кайрылганын билдирди. Мындан сырткары ЖККУнун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу аскерлерди жөнөтүү чечимин кабыл алганын белгиледи.

Ал эми Алтынбек Сулайманов “казак бийлиги атаган террористтер ким экенин негиздеп бериштиби?” деп сурады.

“Аны Казакстандын бийлик өкүлдөрү өзү чечиши керек. Бирок биз жалпы казак элин террорист деп эсептейбиз. Бирок кээ бир күчтөр чыгып деструктивдүү аракеттерди жасаганы анык. Бир канча имараттар талкаланып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери каза болуп жатат. Мунун баары террористтик аракеттерге кирет. Бирок муну кайсы бир гана топтор жасады”, — деди Ташиев.

Ошондой эле ал казак бийлиги террористтер ким экенин аныктап, жазага тартарына ишеним артты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button