Коом

Акыркы 3 жылда 600дөй окуучу өз жанын кыйганы айтылды

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында  Догдуркүл  Кендирбаеванын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна талапкерлиги каралды. Жыйында депутат Эльдар Сулайманов окуучулардын өз жанын кыйышы боюнча маселе көтөрдү.

«Статистиканы алсак, 2008-жылдан 2018-жылга чейин миңден ашык окуучу өзүн өзү өлтүрүптүр. Ал эми акыркы 3 жылды алсак ошол сан 600гө чамалап калыптыр. Ошонун арасында эркек балдардыкы 70 пайызга чейин экен. Эмне үчүн ошол болуп жатат? Балдар арасында рэкетчилик бар. Ошол боюнча сиз жакшы көңүл буруп, жоюшубуз керек. Укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүп жатат. Башталышы мектептен болуп жатпайбы»,- деди депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button