Прокуратура: Таласта жакырлардын, майыптардын акчасын жегендерди тергөө аяктады
Таласта жарды үй-бүлөлөргө жана майып адамдарга багышталган өзгөчө ири өлчөмдөгү акчанын республикалык бюджеттен мыйзамсыз чыгарылып кетүүсү боюнча кылмыш иштеринин тергөөсү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
«Мамлекетке келтирилген зыяндын ичинен 7 млн. 111 миң 586 сомдун орду толтурулуп, кылмыш иштери негизинен кароо үчүн сотко жиберилген», — деп айтылат таратылган билдирүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Талас райондор аралык башкармалыгынын кызмат адамдары Н.Н.А. , Ч.Л.К. , Х.Л.Н. , К.Т.С. , С.Г.А. жана «Кыргыз почтасы» мекемесинин Талас райондук филиалынын кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 346 («Кызматтык жасалмачылык»), 379-беренелеринде («Документтердин жасалмасын жасоо») каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыптары угузулган.



