Коом
Баткендин 13 айылында үч күн бою электр жарыгы өчүрүлөт
Баткен районунун 13 айылында үч күн бою электр энергиясы өчүрүлө турганын «Баткен электр тармактары» ишканасы билдирди.
Маалыматта мындай кадам CASA-1000 долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы линияны тартууда коопсуздукту сактоо үчүн жасалып жатканы айтылган.
«25-26-27-апрель күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Токой, Боз-Адыр, Ширеч айылдарында, Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Газ, Согмент Таян, Кыштут, Сай айылдарында, Дара айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Талаа, Тунук-Суу, Кан, Жаңырык, Жаңырык айылдарында жана Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт», — дешти ишканадан.
«Баткен электр тармактары» ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.



