Коом

УКМК: 4 млн даана, 200 куту даяр тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып келгендер аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, «Ак-Тилек-унаа жолу» чек ара пунктунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, ичинде жалпы суммасы 4 млн даана 200 куту даяр тамеки буюмдары болгон «Вольво» үлгүсүндөгү автоунаа кармалган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистеринин биргелиги менен ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо, ошондой эле жогорудагы кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button