Окуялар

Ысык-Көлдө мектепке кетип, үйүнө келбей калган 14 жашар өспүрүм табылды

19-октябрь күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Ысык-Көл РИИБне 47 жаштагы Бостери айылынын тургуну кайрылып, анын 14 жаштагы уулу эртеӊ менен мектепке кетип, кайра үйгө кайтпагандыгын билдирген.

Аталган факт, райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, өздүк курамы болсо жаш өспүрүмдү издөөгө тартылды.

Издөө иштеринин жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын милиция кызматкерлери, дайынсыз жоголгон өспүрүмдү, түн орстосунда Чолпон-Ата шаарынын күнү-түнү иштеген дүкөндөрүнүн биринде табышты. Жүргүзүлгөн профилактикалык баарлашуудан кийин, өспүрүм ата-энесине кайтарылып берилди.

Учурда, өспүрүмдүн үйдөн ата-энесине айтпай кетип калуусунун жагдайлары аныкталып жатканын билдирди  Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button