Окуялар

Бишкекте айдоочу «Тазалыктын» дагы бир кызматкерин өлтүрө сүздү

Бишкекте бүгүн саат 08:15 чамасында Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан Toyota Proboks үлгүсүндөгү унаанын аял айдоочусу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрь айында ушундай эле эки окуя болгон: анда кырсыктын кесепетинен «Тазалык» ишканасынын эки кызматкери окуя болгон жерде каза болгон.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, натыйжада муниципалдык кызматтын кызматкери 1987-жылы туулган К.С. жаран кырсык болгон жерден каза болгон.

Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Айдоочу Тергөө кызматына жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button