Саясат
Садыр Жапаров эртең мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат

“Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт”, — дешти президенттин администрациясынан.
Сапардын алкагында кыргыз-өзбек бизнес-форуму уюштурулуп, Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.
Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү аземи болот.
Мамлекеттик сапар Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен ишке ашып, 19-июлга чейин созулат.



