Коом

Эми эркин жашай бер! №14 тарбиялоо мекемесинин төрт тургуну паспорт алышты

Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы №14- мекемесинде 4 окуучуга көптөн күткөн ID-карталар тапшырылды.

Өспүрүмдөрдүн  турмушундагы бул маанилүү окуя мекеменин коомдук кызматкери, и/к лейтенанты Жунушпаева Халима Жакшыбековнанын демилгесинин жана өжөрлүгүнүн аркасында ишке ашырылды.

Жеке күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №716 токтомуна ылайык алынган.

Эске салсак, бул токтом дагы бир жолу жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарга, ошондой эле шектүү жана айыпкер катары камакка алынган 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун каттоого жана берүүгө документтерди кабыл алууну жөнгө салууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button