Коом

Япониянын түндүгүндө күчү 7,5 баллдык жер титирөө катталды

8-декабрга караган түнү Япониянын түндүк бөлүгүндө күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, кеминде 30 адам ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу премьер-министр Санаэ Такаити билдиргенин Nikkei жазды.

Өкмөт башчынын айтымында, азырынча каза болгондор же дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат жок. Ал жарандарды кадимки жашоосун улантууга чакырганы менен, алдыдагы бир жумада кайталануучу күчтүү толкундар болушу мүмкүн экенин эскертип, биринчи эле белги байкалса эвакуацияланууга даяр болууну суранды.

Жер титирөөнүн очогу Аомори префектурасынын чыгыш тарабында, Тынч океандын 50 чакырым тереңдигинде жайгашкан. Алгач сейсмологдор магнитуданы 7,2 деп билдиришкен, кийин 7,6га чейин көтөрүшкөн, акыркы такталган көрсөткүч — 7,5 балл.

Кыймылдан кийин өлкөнүн чыгыш жана түндүк-чыгыш жээктерине цунами коркунучу жарыяланып, Аомори, Иватэ жана Хоккайдо префектураларында бийиктиги үч метрге чейин жетиши мүмкүн деген эскертүү берилген. Кийин коркунуч толугу менен алынган: жапон жээгине жеткен эң чоң толкун болгону 70 сантиметрди түздү.

Өлкөдөгү атомдук станцияларда, анын ичинде авариядан жабыркаган «Фукусима-1» АЭСинде эч кандай өзгөчө кырдаал катталган жок.

Силкинүү аймактагы темир жол кыймылына да таасир тийгизип, айрым багыттарда «синкансэн» жүрүшү убактылуу токтотулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button