Коом

Улуттук коопсуздук кызматынын ардагери Намазов Шаимбек Намазович дүйнөдөн кайтты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2025-жылдын 12-майында улуттук коопсуздук  кызматынын ардагери Намазов Шаимбек Намазович 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

КР УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы терең кайгыруу менен анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Отставкадагы майор Намазов Шаимбек Намазович 1929-жылы 12-апрелде Ысык-Көл районундагы Жаркынбаев айылында туулган.

1949-1975-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн, СССР КГБсынын Жогорку курсун бүтүргөн. Кыргыз ССРинин КМКга караштуу КГБнын ар кандай оперативдүү жана жетекчилик кызматтарын аркалаган.

Намазов Ш.Н. боорукер жана сезимтал, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Анын жаркын элеси биздин эсибизде сакталып калат. Өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин акыл-эси жайында болуп, КР УКМКнын азыркы кызматкерлерине өзүнүн баалуу кеңештерин айтып келген.

Ардагерибиздин жаркын элеси ар дайым эсибизде болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button