Спорт
Бишкекте сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана биринчилиги өтөт

Бишкекте 15-16- июнда 2026-жылдагы сумо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты жана жаштар арасындагы биринчилиги өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, чоңдор арасындагы өлкө чемпионаты жана өспүрүм уул-кыздар арасындагы биринчилик Кыргызстандын улуттук курама командасына тандоо мелдеши болуп саналат.
Кыргызстандын чемпионатынын жеңүүчүлөрү 2026-жылдын 17–18-октябрында Азербайжан өлкөсүндө өтө турган сумо боюнча дүйнө чемпионатына катышуу укугуна ээ болушат.
Катышуучулар: Чоңдор (эркектер жана аялдар) — 18 жаштан жогору;
Өспүрүмдөр жана өспүрүм кыздар — 2008–2012-жылдары төрөлгөн спортчулар.



