Спорт

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда фехтование боюнча мелдеште 8 медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчулар фехтование боюнча мелдеште 8 медалга ээ болду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, О.В.Фелинскаянын жаркын элесине арналган кадеттер жана өспүрүмдөр арасында фехтование боюнча эл аралык турнир Казакстандын Чымкент шаарында өттү.

Мелдешке «Дельфин» олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты.

Турнирдин жыйынтыгында спортчулар 8 медалга ээ болушту:

Эркектер арасында шпага (өспүрүмдө) жекече мелдеште:
— Барсбек Райымбеков – 3-орун.

Эркектер арасында шпага (кадеттер) жекече мелдеште:
— Барсбек Райымбеков – 1-орун;
— Даниил Лепихов – 2-орун.

Эркектер арасында (өспүрүмдөр) командалык мелдеште:
— Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов, Акмал Мойдунов – 3-орун.

Эркектер (кадеттер) арасында командалык мелдеште:
— Барсбек Райымбеков, Даниил Лепихов – 2-орун.

Кыз-келиндер арасындагы жекече мелдеште (өспүрүмдөр):
— Акак Кеңешова – 3-орун.

Кыз-келиндер арасындагы шпага (өспүрүмдөр) командалык мелдеште:
— Акак Кеңешова, Мария Перелюбская, Медина Жеңишбекова – 3-орун.

Кыз-келиндер (кадеттер) арасындагы командалык мелдеште:
— Мария Перелюбская, Сайора Саратова – 3-орун.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button