Коом
Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз саткан 3 түйүн аныкталып, 200 литр бензин алынды

Бишкекте күйүүчү-майлоочу майлардын уруксатсыз стихиялуу соодасын жоюу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд Достоевский жана Карагул Акмат көчөлөрүндө өтүп, 3 мыйзамсыз соода түйүнү аныкталды.
Анда жалпы суммасы 9 миң сомго протокол түзүлүп, 220 литр күйүүчү май алынган.
Рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.



