Коом

“Хизб ут-Тахрирдин” мурдагы мүчөлөрү экстремисттик идеялардан жума намаз учурунда баш тартты

1-августта Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылындагы борбордук мечитте тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мурдагы 11 мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартышканын УКМК билдирди.

Алар жума намаз учурунда эл алдында өз ойлорунан баш тартканын жарыялап, жарандарды мыйзамсыз диний-экстремисттик уюмдардын чакырыктарына алданбоого чакырышты.

Белгилей кетсек, бул адамдар 2024-жылдын январында кармалып, мыйзам бузганы үчүн айып пулга жыгылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button