Ысык-Көлдүн музыкалык драма театры Ош-Бишкекке гастролдойт

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры чыгармачылык сапар менен Бишкек жана Ош шаарларын кыдырат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, артисттердин чыгармачыл туру 29-февралдан 4-мартка чейин уланмакчы.
«Аталган театр труппасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» спектаклин жана Султан Раевдин «Күн кармаган бала» спектаклин шаар тургундарына жана меймандарына тартуулайт. Программа боюнча, 29-февраль жана 1-март күндөрү спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында, ал эми 3-4-март күндөрү Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында сунушталат», — деп жазылат маалыматта.
Министрлик драма театр «Күн кармаган бала» спектакли менен 2023-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн ART ORDO -2023 IX эл аралык театр фестивалында жана 2023-жылдын октябрь айында Баку шаарында биринчи эл аралык театралдык фестивалда баш байгени жеңип алганын белгиледи. Ал эми «Ак кеме» спектакли 2023-жылдын декабрь айында Бишкектеги «Айтматов жана театр» VI эл аралык театр фестивалында баш байгенин бирине (кичи спектакль) ээ болгону кошумчаланды. Спектаклдер күнүнө эки жолу коюлат.



