Спорт

Таиландда Кыргызстандык сумочулар 11 медальга ээ болушту

Кыргызстандын сумо боюнча курама командасы 13–14-сентябрда Бангкок шаарында өткөн Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышкан. Бул тууралуу КР Сумо күрөшү ассоциациясынан билдиришти.

Спортчулар жалпысынан 11 медаль багындырышты, кыргызстандык сумочулар жекеме-жеке жана командалык мелдештерде да өзгөчөлөнүштү:

Күмүш: Надыр Рассуев (115 кг ашык), Айкөл Зияпова (80 кг ашык);

Коло: Феликс Эмирлан уулу (85 кг чейин), Аян Сейитбеков (100 кг чейин), Даниэл Темирбеков (115 кг чейин);

Күмүш: (эркектер командасы): Константин Абдула-Заде, Георгий Абдула-Заде, Сулде Донгак (Япониядан гана артта калышты);

Коло: (кыз-келиндер командасы): Даткайым Уланбек кызы, Айкөл Зияпова жана Сезимай Калмырзаева — кыргыз сумосунун тарыхындагы кыз-келиндердин биринчи командалык медалы.

Дүйнөлүк биринчиликте курама команда мурунку жыйынтыктарын жакшыртып, төрт сыйлыкка ээ болду:

Күмүш: Георгий Абдула-Заде (85 кг чейин), Сезимай Калмырзаева (18 жашка чейинки юниорлор арасында абсолюттук категория). Жаш спортчу кыз Япониянын өкүлүнөн гана жеңилүү ызасын тартты;

Коло: Константин Абдула-Заде (100 кг чейин), Сулде Донгак (115 кг чейин).

Аян Сейитбеков жана Айкөл Зияпова 20дан ашык өлкөнүн катышуучуларынын арасында өз категорияларында бешинчи орунду ээлешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button